Жаңылыктар
Ноокат районунда социалдык комплекс курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокат районунда социалдык комплекс курулууда

Ноокат районунда социалдык комплекс курулууда. Ал аяктаса жаңы 20 жумуш оруну түзүлөт.Ноокаттын Барын айылына наркы 300 млн. сомго бааланган социалдык комплекс түшүп жатат. Курулуш демөөрчүлөрдүн эсебинен курулууда. Комплекс 5 объектиден: мектеп, бала бакча, эмкана, спорт комплекси жана медреседен турат.

Мектеби 180 окуучуга ылайыкташкан. Ага Барындын Зулпиев айыл аймагы менен Ноокат шаарындагы мектептерге каттап окуп жүргөн мектеп окуучулары тартылат. Азыр, мугалимдерди тандоо жүрүп жатат.

Сынак бала бакчага кабыл алынуучу тарбиячыларга карата да жүргүзүлөт. 100 жеткинчекти 10 кызматкер тарбиялайт.

Социалдык муктаждыктарды чечүүдө - калктын саламаттыгы биринчи орунда. Жаңы эмканада- медициналык 3 адис иштеп баштайт.

Комплексти курууда жергиликтүү эл четте калган жок. Усталардын тамак-ашын кезектешип камсыздап турушкан. Ал эми, Спорттук комплексти стандартташтырууга жергиликтүү бюджеттен кошумча 1 млн. сом каражат берилген.