Күндөн-күнгө заманбап технологиянын өнүккөнү менен кийинки муун арасында китеп окуудан алыстагандар жок эмес. Мамлекеттик деңгээлдеги бул көйгөйдөн арылуу максатында жаштар 9-июлдан бери “Китепкөй улут” деген ураандын алдында “Китепкөй Ала-Тоо” аталышындагы акция өткөрүүдө.
Анын жүрүшүндө китеп окуу, семинар, кызыктуу оюндар орун алган. Акцияны “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун катышуучулары уюштурушкан. Алар борбор калаабыздын "Ала-Тоо" аянты көпчүлүктүн жолугушуу жайы болгондуктан, иш-чараны ошол жерде өткөрүүнү туура көрүшкөн.
Анан калса, айтымдарында, “Ала-Тоо” аянты митингчилердин эмес, китепкөйлөрдүн аянтына айланыш керек дешет. Аталган акцияга шаар тургундарынын, студенттердин жана окуучулардын кызыгуусу чоң жана туристтер да көңүл кош калган жок. Бул акция кыргыз эли китепкөй эл болгуча уланат,- дейт жаштар.
Кыргызстан гүлдөп өнүксүн! Билим жагынан өлкөнү да өздөрүн да өнүктүрүүнү максат кылган жигердүү жаштар Кыргызстанды КМШ дагы эң алдынкы китеп окуган өлкөгө айлантуу аракетин көрүшүүдө.
Билим алуунун негизги куралы - китеп болсо, руханий казынаны, көрөңгөнү байытуунун булагы искусство менен маданият. Байлык, бийлик бул утурумдук, андыктан ага кызыгып алаксыбай илим - билимдүү болууга жан үрөөнү улантып, үзбөй китеп окууну салтка айландырып алуу керек. Антпесек жан дүйнөнүн байлыгын жандантып, илим-билимдүү боло албайбыз,- дейт акын Зайырбек Ажыматов.
Китеп көп окуган адам туура ой жүгүртүүгө, өрүштүү ой жүгүртүүгө, кенен ой-чабытка жана мыкты тапкычтыкка ээ болот. Илим-билимдүүлөр гана мамлекетти өстүрө алышат,- дейт жакшы иш жаратууга ашыккан жигердүү жаштар.