Кыргызстанда мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген Курман айт майрамы белгиленди. Бул күнү курмандыктар чалынып, көзү өтүп кеткен адамдарга куран окулат.
Курман Айт адамдарды ыймандуулукка чакырган, тынчтыкка, сабырдуулукка, ыймандуулукка үндөгөн майрам. Майрам таң эрте намазга жыгылуу жөрөлгөсү менен башталды. Бул жылы борбор калаанын эски аянтында 20 миңге чукул адам Айт намазын окуду.
Курман айт майрамында жер жүзүндөгү миллиарддаган мусулман коомчулугу жан дүйнөсун тазалап, жаратканга жакын болгонго аракет кылат. Таң эрте Бишкек шаарынын эски аянты калаанын миңдеген тургундары менен меймандарына жык толду. Эки рекет кудайга сыйынуу саат 7:45ке белгиленген. Мусулманлдык парзын аткарууга ашыккан адамдардын арты үзүлбөй, аянтка чогулган элдин саны 20 миңге чамалады.
Чогулган эл алгач азирети муфтийдин насааттарына кулак төшөштү. Муфтий элди биримдикке, ынтымакка чакырып, элдин келечеги аракетичил, ыймандуу жаштардан көз каранды экенин белгилеп өттү.
Ошондой эле ал эгемендүүлүк бул жараткандын бизге берген улуу белеги экенин айтып, мекенди сүйүүгө, барктоого чакырып кетти. Ал эми өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду. Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана калаа башчысы Азизсуракматов мусулмандарга болгон каалоолорун айтышты.
Намаз окулуп бүткөндөн кийин, жарандар курман айт майрамын белгилөө үчүн тарашты. Мусулмандар бул күнү бири-бирин куттуктап айтташат, барган жерлеринен даам сызып, шарыятка шайкеш маанайда ыйык майрамды көңүлдүү өткөрүшөт.