Жаңылыктар
Атамбаевдин үйү тараптан Калашников үлгүсүндөгү автомат табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Атамбаевдин үйү тараптан Калашников үлгүсүндөгү автомат табылды

Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн анча алыс эмес жерде Калашников үлгүсүндөгү автомат табылды. Бул тууралуу Бишкек Шаардык Ички Иштер башкы башкармалыгынын билдирди. 9-август күнү С. С. аттуу жаран кайрылып, Кой-Таш айылында АК-47 үлгүсүндөгү автомат, 26 огу бар магазин, 2 аскердик каска жана бир жабдыктуу кур таап алганы тууралуу айткан. Андан кийин табылган курал-жарактарды тергөө кызматына тапшырган. 

С. С. аттуу жаран 9-август күнү Чүй облусунун Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн 100-150 метр алыстыкта чоң таштын жанынан бир күн мурда жерге түшүп кеткен дронду табуу максатында 2 шлем жана жогоруда айтылып кеткен куралдарды таап алган. Бардык табылган курал-жарактар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.