Жаңылыктар
Эмне үчүн "Апрель ТВ" телеканалынын мүлкү камоого алынды?
Кыргызстан жаңылыктары
Эмне үчүн "Апрель ТВ" телеканалынын мүлкү камоого алынды?

“Апрель ТВ” телеканалы Бешинчи каналдын жамаатынын бир бөлүгүнөн куралып, кеңсеси Форумдун имаратында жайгашкан. Имарат президент болгонго чейин эле Алмазбек Атамбаевдин менчиги болуп эсептелген. 

Апрель телеканалынын башкы директору Дмитрий Ложников канал өз ишин баштаардын алдында Форумдун имаратында кеңсе ижарага алынганын айткан. Бирок юстиция министрлигинин маалыматында телеканал Форумда жөн гана жайгашкан эмес. Анын эки негиздөөчүсү бар. Бирөө Алмазбек Атамбаев, экинчиси “Апрель” коомдук фонду. Телеканал жоопкерчилиги чектелген ишкана катары 2018-жылдын 24-апрелинде 7-апрель көчөсү №4 корпус Б дареги боюнча каттоодон өткөн.