Бишкектиктер түнү менен коомдук тартиптин көзөмөлүндө турган милицияга ыраазычылык билдиришти. Шаар тургундары менен борбор калаанын меймандары социалдык тармактарга миңдеген жылуу пикирлерин жазып жатышат. Бишкектиктер таттуу уйкуда жатканда, бир аз эс алууга таш жазданып жаткан күч түзүмдөрүнүн эл арасына тарап кеткен сүрөтү миңдеген адамдардын "мыкты" деген белгисине арзыган.
Шаардыктар өз баатырларын билиши керек. Өткөн түндүн чыныгы баатырлары милициянын катардагы кызматкерлери деп айтсак болот. Тартип сакчылары түнү менен шаар ичинде абалды турукташтырып, башаламандык уюштургусу келгендерге мүмкүнчүлүк берген жок.
Тургундардын эл сакчысында турган күч түзүмдөрүнө билдирген ыраазычылыктарынын аягы жоктой. Шаар тургундары менен борбор калаанын меймандары социалдык тармактарда миңдеген жылуу пикирлери менен бөлүшүп жатышат. Биз алардын бир гана бөлүгүн көрсөтөбүз.
Түн ичи бейбаштык кылгандар көчөрлөрдү тосуп, жолунда эмне болсо баарын талкалап, сындырып, тынч өтүп бара жаткан адамдарга кол салышты. Маалыматтарды чагылдырып жаткан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн издеп жүрүштү. Мына ушундай түмөн түйшүк жаралган учурда тартип сакчыларынын бири да четте карап турган жок. Алардын аркасы менен шаарда абал толук көзөмөлдө болду.