9-августка караган түнү милиция кызматкерлери менен бирге элдик кошуундар жана соода борборлорунун жетекчилери борбор калаада башаламандык уюштурууга аракет кылгандарга жол берген жок. Бүгүн шаарда бардык соода түйүндөрү, мекеме-ишканалар күндөгүдөй тартипте иш алып барууда. Коомдук транспорттор да иштеп жатат.
Бишкектеги таанымал бул соода борборун коомдук тартипти бузгандар эки ирет талкалаган. Эске салсак, Кыргызстандын ишкерлери 2005 жана 2010-жылдардагы төңкөрүштөрдө жүздөгөн каржылык ири чыгымдарга батышкан. Мындан сабак алган сатуучулар бул түнү соода жайларын кайтарышты.
Мэриянын кызматкерлери да бул түнү уйку бетин көрүшкөн эмес. Алардын билдирүүсүндө калаадагы коопсуздукту сактоо жана шаардык мүлктү көзөмөлдөө үчүн бардык тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Абалды туруксуздаштыруу, башаламандыкты уюштуруу жана бейбаштык аракеттери боюнча мыйзам бузуу фактыларынын негизинде шаардык милиция кыркка чукул адамды кармаган. Учурда тартип сакчылары коомдук абалга көз салууда.