Жаңылыктар
Бүгүн Үсөнбек Ниязбеков менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Үсөнбек Ниязбеков менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат

Бүгүн Үсөнбек Ниязбеков менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат. "Альфа" атайын кызматынын жоокерине Атамбаевди кармоо операциясында ок тийип, ооруканада операциядан кийин көз жумган. 

Коштошуу зыйнатында маркумдун апасы өмүр бою Атамбаевди каргап өтөм, - деп кошок айтууда. Үсөн Ниязбеков мекен үчүн ак кызмат өтөгөн уул, ата жана жолдош болгон. 

Ал Африкада террористтерге каршы күрөшкөн. Эскерте кетсек, 7-августта Атамбаевди кармоо операциясында ок Ниязбековдун бронежилетин тешип өткөн. УКМК ага снайпердин огу тийген болушу мүмкүн деп болжолдоп жатат. 

Үсөн Ниязбеков - улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын подполковниги, "Альфа" атайын кызматынын башчысынын орун басары болуп эмгектенген. Ал 46 жашта болчу.