Жаңылыктар
Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бабановго карата козголгон эки кылмыш ишин иликтөөдө. 

Алар Ош шаарындагы “Амир-Тимур” кичи районунда провокациялык маанидеги сүйлөгөн фактысы боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алуу жана массалык баш аламандыкты даярдоо боюнча козголуп, учурда токтотулган кылмыш иши. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы тапта биринчи кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Эгерде Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат.