Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйын өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйын өттү

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сөз сүйлөп жатып, 7-августта Кой-Таш айылында каза болгон "Альфа" атайын кызматтын кызматкеринин ата-энесине, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Өлкө башчысы кырчындай болгон жигитибиздин өмүрү — бийликтен да, байлыктан да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле», — деп баса белгиледи.


Сооронбай Жээнбеков маркумдун апасы Өктөм Мамаева менен жакында өткөн мекендештердин форумунда жолукканын айтып, жүрөгүм ооруп турат, аза кайгысын тең бөлүшөм», — деди. Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндө 7-8-агустта болгон окуяга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулган Жогорку Кеңеш токтом долбоорун кабыл алды. Ага ылайык Кой-Ташта Атамбаевдин үйүндө болгон окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлмөй болду. 


Парламенттин кезексиз сессиясына Кой-Ташта 7-августта болгон окуя жана өлкөдөгү кырдаал боюнча маалымат берүү үчүн Өкмөт башчы Абылгазиев, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери чакыртылып, Президент Сооронбай Жээнбеков да келип сөз сүйлөдү.



Атамбаев Конституцияны жана мыйзамдарды одоно бузганын белгилеген Өлкө башчысы ок атуучу курал колдонуу менен Атамбаев мыйзамга каршылык көрсөттү-деди. 

Президент Атамбаев тараптан ок атуучу курал колдонулганына карабай атайын күчтөр аягына чейин ок чыгарбаганын билдирди. Мамлекет башчысы өлкөнүн тынчтыгы үчүн саясий күчтөрдү биригүүгө чакырды.

Мамлекет башчысы өлкөдө мыйзамдуулукту, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча баардык иш-чаралар аткарылаарын белгиледи. Президент Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынында 7-августта Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу чечим кабыл алынганын билдирди.