Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, тез арада зарыл чараларды кабыл алып, мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткарууну талап кылды. Жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынды. 


Коопсуздук кеңеши өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев Конституцияны жана өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга куралчан каршылык көрсөткөнүн белгиледи.

Президент Кыргызстан укуктук мамлекет экенин белгилеп, мамлекеттин милдети - мыйзам талаптарын кынтыксыз сактоону камсыз кылуу экендигин айтты. Жыйынтыгында, тийиштүү чечим кабыл алынды. Серепчилер болсо, 7-августта Кой-Ташта болгон окуяны чектен чыккан окуя катары баалашууда.