Жаңылыктар
Казакстан менен Беларусиянын премьер-министрлери Кыргызстанга келди
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстан менен Беларусиянын премьер-министрлери Кыргызстанга келди

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин жана Беларусь Республикасынын премьер-министри Сергей Румас Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Меймандарды Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан  вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды. Аскар Мамин менен Сергей Румасты Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы кезектеги жыйын  9-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.