Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 7-августтун кечинде 24 бейтап алып келинген.
Азыркы учурда кайрылгандардын дээрлик көбү зарыл медициналык жардамды алып, үйлөрүнө чыгарылды.
Ок тийген Атайын кызматтын өкүлүнө операция жасалып, ал жандаанадыруу бөлүмүнөн кадимки бөлмөгө которулду.
Ал эми Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкуловго экинчи операция жасалууда. Абалы оор.