Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма-сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.
Анын айтымында Кой-Таштагы абалга байланыштуу чек ара көзөмөл өткөрүү жайларында эч кандай чектөөлөр киргизилген жок.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана Мамлекеттик чек аралардагы чек ара көзөмөл өткөрүү жайлары кадимки тартипте иштеп жатат. Жүк ташыган унаалар жана жарандар чек араны тоскоолдуксуз кесип өтүүдө.