Башкы прокуратура 7-августтун кечинде Кой-Таш айылындагы болгон окуя боюнча "массалык баш аламандык", "адам өлтүрүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштады.
Мекеменин маалыматында, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Ички иштер министрлигине 3 ирет күбө катары суракка чакырылган. Бирок тергөө органдарынын мыйзамдуу талабы Атамбаеву тарабынан четке кагылган.
Буга байланыштуу тергөөчү Атамбаевди суракка алып келүү тууралуу токтом чыгарып, аны аткаруу УКМКнын кызматкерлерине тапшырылган. Алар Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө келген учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата курал жана башка буюмдарды колдонуу менен каршылык көрсөтүлгөн.
Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык баш аламандык уштурулган. "7-августтагы факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 264чү (массалык баш аламандык) жана 266-беренелери (бейбаштык) боюнча каттоого алынган. Кагылышуудан Чүй менен Бишкектин аймактык ооруканаларына жаракат алган 47 киши кайрылган, аларды 22си УКМКнын жана эки киши ИИМдин кызматкерлери. Арасында 23 жай тургун бар. Андан сырткары, ок жеген УКМКнын бир жоокери каза болду", — деп айтылат маалыматта.
Бул фактылар Кылмыш жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук" беренелери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Андан сырткары, Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын кызматкерлерин туткунга алышы боюнча да Кылмыш жаза кодексинин 244-беренеси "Туткунга алуу" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Учурда жогоруда аталган фактылар боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды.