Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда атайын бөлүктүн жоокери каза болгондугу бул чоң трагедия. Эгер Алмазбек Атамбаев суракка убагында сыйы менен эле барып турганда мындай кайгылуу окуялар болмок эмес, деген оюн мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.