УКМК тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жаткан Кой-Таш айылында саат 21.50дөгү маалымат боюнча 5 киши жабыркагандыгы маалым болду. Жабыркагандарды тез жардам кызматы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып бара жатат.
Андан тышкары, Кой-Ташта убактылуу медициналык жардам көрсөтүүчү пунктту уюштурулган. Бишкек шаардык тез жардам борборунун директору Искендер Шаяхметовдун жетектөөсүндө 5 бригада күзөттө турат. Искендер Шаяхметовдун билдирүүсүндө учурда эч ким медициналык жардам сурап кайрылган жок.
Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган.