Чүй облустук тез жардам кызматына бүгүн кечки саат 20.20да жарандардан жардам сурап чалуулар катталган. Окуя болгон Кой-Таш айылына тез жардам кызматынын 5 бригадасы, ошондой эле Бишкек шаарынан кошумча 3 бригада жөнөтүлгөн. Жабыркагандарды кабыл алууга Чүй облустук ооруканасынын, Улуттук госпиталдын, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун дарыгерлери даяр жана зарыл болгон бардык дары-дармектер менен камсыздалган.
Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын тастыктаган.
“УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан ок атуучу курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
(иллюстрациялык сүрөт)