Латвиянын укук коргоо органдары Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата "акчанын изин жашыруу" фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 7-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул иш Зилалиевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Кыргызстанда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Латвиянын Каржылык чалгын кызматынан алынган маалыматтын негизинде козголгону маалым болду.
“Интерполдун Рига шаарындагы бюросунун маалыматына караганда, Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Жамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамына катталган. Кийин ал эсептер аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон”, - деп билдирди УКМК.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда, өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн “мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо.
Белгилей кетсек, Дүйшөнбек Зилалиевдин аты Солтон-Сары алтын кенинде да аталууда. Расмий маалыматтарга караганда, ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча агентикти жетектеп турганда, 2014-жылы кытайлык Жонг жиай Майнинг компаниясына кенди иштетүү үчүн лицензияны узарткан. Ошондой эле 2018-жылдын 9-февралында Сапар Исаков өкмөттү, Зилалиев Геология жана минералдык ресурсттар агенттигин башкарып турганда компаниянын лицензиясы акыркы жолу узартылган.