Баткен районунун жана шаарынын калкын тейлөө борбору жаңы имаратка көчкөндөн бери тейлөө тармагы жакшырганы байкалууда. Бул имаратта жарандар даректик бюро жана паспорт берүү, жарандык актыларды каттоо кызматын бир кеңседен пайдалана алышат.
Ошол эле учурда кезек күтүү да электрондоштурулуп, буга чейинки ыңгайсыздыктар жоюлган.
Буга чейин калкты тейлөө борбору тар имаратта жайгашкандыктан кызматкерлер үчүн да көйгөй болуп келген. Эми болсо күнүнө 250 адамды тейлегенге шарт түзүлдү.