Жаңылыктар
Өлкөнүн айрым айыл өкмөттөрүнүн башчылары жаңыдан шайланат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн айрым айыл өкмөттөрүнүн башчылары жаңыдан шайланат

Бул тууралуу чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 6-августта өткөн отурумунда кабыл алынды. 

Ага ылайык, 23-августта Таластагы Оро, Ак-Дөбө жана Чүйдүн Пригородное айыл өкмөт башчыларын шайлоо өтмөкчү. Буга чейин аталган жергиликтүү кеңештердин айыл өкмөт башчылары өздөрү берген арыздын негизинде кызматтан бошотулган. 

Буга кошумча, аталган отурумда өлкөнүн Кара-Буура, Кочкор, Аламүдүн, Ала-Бука жана Ак-Суу аймактык жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү аймактык комиссиялардын чечимдерин бекитүү маселелери каралды. 

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда Жалал-Абаддын Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүндө болгон шайлоонун жыйынтыгын, бүгүн БШК кароодон өткөрүп, бир добуштан колдоого алды. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Жалал-Абаддын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Дөөлөтбек Миңбаев дайындалды.