Жалал-Абад облусуна караштуу аймактардагы дарыялардын жээктерин бекемдөө иштери дагы уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жасалуучу атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга багытталган иш мерчемине ылайык облустун аймагында 69 объектте жумуш аткаруу каралып, кошумча 11 объект кирип, жалпы 80 объекти түздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Бүгүнкү күнгө бекитилген графиктин негизинде, жалпысынан 62 объектиде иш-чаралар жүргүзүлүп, анын ичинен 28 объектиде жумуш толугу менен бүткөрүлгөн. Мындан тышкары 1 объектиде жумуш жүрүп жатат, 9 объектиде жер иштери бүткөрүлгөн.