Жаңылыктар
Бишкекте чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча жыйын өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча жыйын  өтүп жатат

 Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында КР Президентине караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйыны  башталды. Отурумга  чет мамлекеттердеги кыргыз диаспораларынын  өкүлдөрү, элчилер жана мамлекеттик органдардын  жетекчилери катышууда. 

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-августта Кеңештин жыйынынын  алкагында мекендештердин мамлекеттик органдар менен жолугушуусу жана күн тартибине ылайык секцияларда иштейт. 

Эртең, 2-августта, Кеңештин жыйыны Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өтөт. Анда миграциялык саясаттын Концепциясы, «Мекен-карт» демилгеси жана мекендештердин өлкөбүздү өнүктүрүүгө инвестициялоосу жана катышуусу үчүн экономикалык, финансылык инструменттерди түзүүгө багытталган «Мекеним» программасынын долбоору талкууланат. 

КР Президентине караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңеш  2018-жылы Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен түзүлгөн.