Жаңылыктар
Пенсия ушул күздө жогорулайт
Кыргызстан жаңылыктары
Пенсия ушул күздө жогорулайт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлык акысын жана пенсия өлчөмүн жогорулатуу механизмдерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы бул маселелерди сапаттуу иштеп чыгуу өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, мамлекет бул үчүн зарыл болгон финансы ресурстарын табууга тийиш.

“Пенсиялардын өлчөмүн көтөрүү дагы өзгөчө маанилүү маселе болуп саналат. Пенсия өлчөмү ушул күздө жогорулайт, бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр туруктуу негизде иштеп жатышат”, - деди Өкмөт башчы.

Өкмөт башчы бардык чегерүүлөрдүн принциптери жарандар үчүн түшүнүктүү жана акыйкат болушу үчүн алдыда өлкө боюнча айлык акы жана пенсияларды жогорулатуунун механизмдерин тыкыр иштеп чыгууну тапшырды.