5-августтан 9-августка чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жана Лебединовка айылында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Мындай чектөөлөр жабдууларды алмаштыруу ишине байланыштуу, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.
Газ өчүрүлө турган аймактар:
- Аламүдүн-1 кичи району;
- Куруучулар жана энергетиктер шаарчасы;
- Калинин көчөсү;
- Жеңиш проспектиси;
- Лебединовка айылынын Токмок көчөсү.