Жаңылыктар
Ар өлкөдөн чогулган кыргызстандык ийгиликтүү ишкерлердин форуму эртең башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Ар өлкөдөн чогулган кыргызстандык ийгиликтүү ишкерлердин форуму эртең башталат

1-2-август күндөрү “Мекендештер” форуму өтөт. Жыл сайын уюштурулуп келген иш-чарада чет жерлерде эмгектенген кыргызстандыктарды чогултуу салтка айланган.

Форумга мамлекет башчысы да катышаары күтүлүүдө.
 
Соңку 10 жылда миграция дүйнөдөгү эң маанилүү маселелердин бирине айланды. Мындай көрүнүш бир учурда жумушсуздуктун кесепети катары гана кабыл алынчу.

“Мекендештер” форуму дал ушул максатта түзүлгөн. Ал чет жерде ийгиликке ээ болгон ишмерлерди бир аянтчага бириктирет.

Былтыр форумга алгачкы жолу мамлекет башчысы катышкан. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын экономикалык, маданий жана социалдык жактан өнүгүшүн камсыз кылуудагы мамлекет менен мекендештердин байланышын бекемдөө зарылчылыгын белгилеген.
 
 Айтылган маселелер аткарылган. Бир нече айдан кийин “Чет жердеги мекендештер менен байланышуу боюнча кеңеш” түзүлгөн.