Жаңылыктар
ЖЭБ боюнча сот: ТИМ кызматкери ТВЕА өкүлү менен таанышканы тууралуу көрсөтмө берди
Кыргызстан жаңылыктары
ЖЭБ боюнча сот: ТИМ кызматкери ТВЕА  өкүлү менен таанышканы тууралуу көрсөтмө берди

Свердлов  райондук сотунда Бишкек жылуулук борборун  модернизациялоо боюнча  ачык  сот отуруму  өтүп жатат.  

 Бүгүн тышкы иштер министрлигинин  мурдагы кызматкери  Талант  Султанов  көрсөтмө берди. Ал   ТВЕА  өкүлү  Мусажан Макелек менен  кантип таанышкандыгы тууралуу айтты. Султанов  тышкы иштер министрлигинин Үрүмчү шаарындагы  виза пунктунун башчысы болуп иштеп турган учурунда Макелек менен таанышкан. 

Эксперттердин тыянагы боюнча Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо  долбоору  боюнча  5 млрд.  сомдон  ашык   зыян келтирилген.  Эске салсак,  УКМКнын   убактылуу кармоочу жайында  мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен  Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кенештин  депутаты  Осмонбек Артыкбаев, энергетика тармагынын кызматкерлери  Салайдин Авазов жана Айбек Калиев кармалууда. Мурдагы  финансы министри  Ольга Лаврова  болсо үй камагында.  Аларга кызмат абалынан кыянаттык менен  пайдалануу  жана коррупция  беренелери  боюнча  айып тагылууда.