Бүгүн 31-июлда жана 1-августта «Түндүк электр» ишканасы пайдаланган электр энергиясына карызын төлөбөгөн абоненттердин электр жарыгын өчүрөт. 2 миң 390 абоненттин электр жарыгын өчүрүү «акылдуу» эсептегич аркылуу дистанттык аралыктан жүргүзүлөт. «Түндүк электр» төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Quickpay», «АсИсНур», «UMAI», «Terempay», «KICB», «БТА Банк» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Элсом», «UMAI» электрондук капчыктарынан, «Кыргызпочтасы» , «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме мекеменин маалымат базасына ошол замат түшөт.