Жаңылыктар
Кыргыз аскерлери Монголияда өтө турган атчан аскерлер сынагына катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз аскерлери Монголияда өтө турган атчан аскерлер сынагына катышат

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү 3-7-август күндөрү Монголияда өтө турган "Аравт-2019" ат марафонуна катышуу үчүн машыгуудан өтүүдө. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти. Маалым болгондой, 21-июлда аталган өлкөгө Мамлекеттик чек ара кызматы менен кургактагы аскерлер жөнөп кетишкен. Учурда даярдык кызуу жүрүүдө. Сынактын шарты боюнча аны өткөрүүчү тарап катышуучуларды ат, ок атуучу куралдар менен камсыз кылат. Марафонго даярдануу үчүн 14 күн каралып, бул аралыкта катышуучулар климаттык шартка жана жылкыларына көнүшү керек. 

Сынак эки бөлүктөн турат. Алгач жоокерлер гранатаны алыска ыргытуу, кошуундардын тоскоолдук тилкелерде бутага атуусу сыяктуу сыноодон өтүшөт. Соңунда суу тоскоолдуктарынан өтүү, жылкыны ар түрдүү шартта башкаруу, тактикалык иш-аракеттер жана куралдарды ташуу боюнча таймашат. Марафонго даярдык көрүүнүн алкагында катышуучулар Монголиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик техникасы менен таанышып чыкканы маалым. "Аравт" монгол тилинен которгондо 10 деген санды туюндурат. Чыңгыз хандын 10 баатырынын кошууну менен байланыштырылат. Монголиянын демилгеси менен өтө турган иш-чара атчан аскерлер кавалериясынын жаңы сынагы болуп эсептелет.