Жаңылыктар
Алименттен качкандардын маалыматтык базасы түзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Алименттен качкандардын маалыматтык базасы түзүлөт

Алименттен качкандардын маалыматтык базасы түзүлөт. Буга байланыштуу мыйзамга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Мыйзам алимент төлөө маселелерин жөнгө салуу менен эне жана бала институтун коргоого багытталган. Ага ылайык, алименттен качып, издөөдө жүргөндөрдүн сүрөтү жана карызы тууралуу маалыматтар доогердин арызынын негизинде тиешелүү мекеменин расмий баракчасында жайгаштырылат. Маалымат алимент төлөнүп берилгенден кийин гана алып салынат.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 26-июнунда кабыл алган. Тийиштүү мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 2017-жылдагы статистика боюнча, Кыргызстанда алимент төлөбөгөн 533 киши издөөдө жүрөт. Алардын ону аялдар.