Кезегинде энергетиктердин шаары аталган Таш-Көмүрдө калкка кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтар санариптештирүүгө өтүүдө. Төрт кызматта Бирдиктүү терезе ишке кирди.
42 миң адам жашаган Таш-Көмүр шаарында сметалык наркы 4 млн. 600 миң сомду түзгөн №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты курулууда. Курулуш жергиликтүү демөөрчү тарабынан колго алынган.
70 жыл мурда пайдаланууга берилген медициналык жай эбак мөөнөтүн өтөп бүтүп, жарандардын өмүрүнө кооптонуу жаратып калган.
Элеттиктердин муктаждыгын жоюуда, мамлекетке кол кабыш кылган меценанттардын катары калындоодо. Бири минтип, оорукананын имаратына колдоо көрсөтүп жатса, экинчиси бейтапканага зарыл болгон тез жардам унаасын сатып берип 16 млн. сомдук унааны ишкер айылдаштарына белек кылды.
Ден соолукка кам көрүүдө, адам азыктанган тамак-аштын сапаты менен ичкен суусунун тазалыгы башкы орунда тураары шексиз. Анткени, союз мезгилинен бери Таш-Көмүрдө таза суу көйгөйү курч. 20 миңдей адамга, ичүүчү таза суу күнүнө 2 сааттан гана берилет.
Көңүл сыртында калып келген көйгөйлөрдү чечүү ордунан жылды. Республикалык бюджеттен Кызыл-Алма кичи районунун аймагына таза суу кууру тартыла баштады. Бул үчүн 29 млн. сомдук долбоор жактырылган. 2020-жылга жыйынтыктоо мерчемделген. Муну менен шаар тургундарынын 40% ичүүчү таза суу менен камсыздалаарын мэриядан билдиришти. Калаада 10 чакырымда суу кууру бар.
Быйылкы аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында калкка кызмат көрсөткөн кызматтарды санариптештирүү өнөктүгү жүрүүдө. Калк эң көп кайрылган Каттоо, салык, архитектура ишканаларында бирдиктүү терезе иштеп баштады.
Ачык терезе - биринчи жолу милиция бөлүмүндө да ачылды. Максаты - элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөө. Мындай кадам, ар кандай мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коймокчу. Коррупцияны ооздуктап, калктын жашоосун жеңилдетүүгө өбөлгө болот.