Бүгүн, 29-июль күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал. 29-июлда жана 1-3-августта абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +37...+39°, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +39...+41° болушу ыктымал.