Бүгүн, 29-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ал эми 1-3-августта абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 27-июлдан 3-августка чейин 39-41°ка чейин жогорулашы күтүлөт.
Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.