Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйүүдө

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 29-июлга карата 16 млрд. 431 млн. куб метрди түздү. Бул туурасында "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Суу сактагычка суткасына суунун кирүүсү 604 куб метр, ал эми чыгуусу 363 куб метрди түзөт.

Өткөн жумада суунун келүүсү 169 млн. куб метрге көбөйдү. Ал эми 15-июлда Токтогулда 16 млрд. 34 млн. куб метр суу болгон, ал эми 9-июлда 15 млрд. 721 млн. куб метр суу болгон.

Өткөн суткада "Электр станциялары" ишканасынын объектелери саатына 32 млн. 817 миң кВ электр энергиясын өндүрдү.