Жаңылыктар
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга иш сапары жыйынтыкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга иш сапары жыйынтыкталды

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон 28-июлда өзүнүн иш сапарын жыйынтыктап, Кыргызстандан учуп кетти. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков узатты.

Эске салсак, Тажикстандын Исфара шаарындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантышты. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси талкууланды.