Жаңылыктар
Мугалимдер менен дарыгерлердин айлык маянасы жогорулайт
Кыргызстан жаңылыктары
Мугалимдер менен дарыгерлердин айлык маянасы жогорулайт

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында иштеген кызматкерлердин айлык акысы жогорулайт. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Марлен Амандыков 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, учурда мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын канча пайызга чейин көбөйтүлөрү каралып жатат.

“Мугалимдер менен саламаттыкты сактоо тармагында иштеген дарыгерлердин айлыктарын көбөйтүү маселеси жыл башында коюлган. Учурда саламаттыкты сактоо жана билим берүү министрлиги менен чогуу ар кайсы варианттар саналып жатат. 1-сентябрдан баштап айлык акыны көбөйтүү сөзсүз болот. Анда 3 вариант каралып жатат: 20%, 30%, 40% га чейин жогорулатуу каралып жатат”,- деп билдирди Каржы министринин орун басары Марлен Амандыков.