Жаңылыктар
Өлкө аймагында аба ырайы 40°ка чейин жогорулайт
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында аба ырайы 40°ка чейин жогорулайт

 ӨКМ  шашылыш билдирүү  таратты. Малыматка ылайык, 26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак аба ырайы күтүлөт. 

27-29-июлдарда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40°ка чейин жогорулайт. 

25-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.  

26-июлда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.   26-июлда күндүз жана 27-июлда жаан-чачын күтүлбөйт.