Жаңылыктар
Балдар менен жаштардын коргоо өлкөнүн милдети
Кыргызстан жаңылыктары
Балдар менен жаштардын коргоо өлкөнүн милдети

“Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар”. Дал ушундай аталышта, эл аралык өнөктөш уюмдар менен бирге эл аралык демилге жайылтылууда. Максаты, балдар укуктарын жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууда жергиликтүү башкаруу органдарына көмөктөшүү. 

Демилгенин алкагында тренинг-сабактар каралган. Балдар менен жаштардын ден соолугун коргоо, алардын сергек жашоосун камсыз кылуу, коопсуздук, билим берүү жана өнүгүү, балдардын өз алдынча чечим кабыл алуусу туурасындагы баяндамалар окулат. Жыйынтыгында, активдүү катышкан жаштарга сыйлыктар берилет.

"Өкмөттүн атайын токтому чыгып, 6 млн. сомдук байге фонду коюлган. 2020-жылдын апрель айында чыгарылат",- деди Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Иззатбек Берхмаматов.