Жаңылыктар
Борбордо заманбап үлгүдөгү виза борбору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордо заманбап үлгүдөгү виза борбору ачылды

Консулдук кызмат департаментинин виза борборуна жылына 35 000ден ашык жаран виза алуу үчүн кайрылат. Визаны колдоо жана узартуу сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгы буга чейин департаменттин башкы имаратында жүргүзүлүп келген. Эми бул иш аракеттердин бардыгы жаңы ачылган виза борборунда жүргүзүлмөкчү.

Жаңы имараттын ачылышы салтанаттуу түрдө өттү. Виза борбору өлкөдөгү санариптештирүү иш аракеттеринин алкагында ишке ашырылып жаткан долбоор.

Башкы максат көп сандаган кагаз иштерин азайтып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук ыкмага өткөрүү.

Жаңы виза борборунун кызматынан көбүнесе чет элдик жарандар пайдалана алат. Мында бардык консулдук кызматтарды, анын ичинен төлөмдөрдү бир жерден жүргүзүүгө шарт түзүлдү. Жумуштун сапаты жакшырып, убакытты үнөмдөөгө да өбөлгө болмокчу.

 Эң негизгиси виза берүү шарттарын либералдаштыруу, санариптик ыкмага өтүүгө басым жасалды. Тышкы иштер министри мындай кадам өлкөгө туристтерди тартуунун да бир жолу экенин белгиледи.

Тышкы иштер министрлиги өлкөдөгү туризмдин өнүгүшүнө дыкат көзөмол салып турат. Буга чейин дагы көптөгөн араб өлкөлөрү менен виза алуу шарттары жөнөкөйлөштүрүлгөн. биз бул жумуштарды дагы улантып, электрондук визага өтүү иштери күчөтүлүп жатат. Тутум түп тамырынан өзгөртүлүп, бирдиктүү терезе принциби жайылтылууда, - деп билдирди Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков.

Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын соңуна чейин виза берүүнү толугу менен электрондук ыкмага өткөрүүнү пландап жатат. 

Акыркы алты айдын ичинде Кыргызстанга келүүгө виза сурап кайрылган чет элдик жарандардын саны 17 000ден ашкан.