Бул инвестициялык абалды жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан аракет. Мындан сырткары көмүскө экономиканы жоюу максатында дагы иш жүрөт. Маселен, май куйуучу жайларга атайын жабдуулар орнотулуп, ал сатылып жаткан күйүүчү майдын көлөмүн аныктап турат.
Инвесторлор тиешелүү шарты бар, ишкерликке жеңилдик берилген өлкөнү тандайт. Дал ушул жагдайды эске алган өкмөт соңку жылдары мыйзамдарды экономиканын талаптарына ылайыкташтырды.
Кыргызстан ишкерликти өнүктүрүү үчүн дагы бир олуттуу кадам жасаганы турат. Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш Жогорку Кеңештин 3-сентябрдагы жыйынынын күн тартибине коюлган.
Бул өзгөртүү жаңы ишканаларга гана тиешелүү болот. Андыктан Экономика министрлиги жаңылануу бюджетти толтурууга терс таасирин тийгизбейт деп эсептейт. Буга чейин ачылган ишканалар мурдагы эле көлөмдө салык төлөшөт.
Жеңилдиктер көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууда да колдонулат. Салыктын өлчөмү жогору болсо, ишканалар жашыруун иш алып бараарын тажрыйба көрсөтүп келатат. Кыргызстан бул көйгөйдү жоюу үчүн көп убара тартууда. Айрым тармактарда ыңгайлуу ыкма табылды. Маселен калк эң көп керектеген күйүүчү майдын көмүскө соодасы ооздукталганы турат.