Жаңылыктар
Бардык мамлекеттик органдардын маалыматы калкка жеткиликтүү болот
Кыргызстан жаңылыктары
Бардык мамлекеттик органдардын маалыматы калкка жеткиликтүү болот

“Ачык маалыматтар” долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн жасалууда. Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында ишке аша турган долбоордун артыкчылыктары ишкерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды. Иш-чарага Молдованын электрондук башкаруу боюнча агенттигинин адистери да катышты.


Кыргызстан 2017-жылы эл аралык “Ачык өкмөт” долбооруна мүчө болуп кирген. Ага ылайык бюджеттин ачыктыгы камсыздалып, жогорку кызмат адамдарынын мүлктөрү тууралуу маалыматтар да жашыруун болбошу керек. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатып, калктын маалыматка ээ болуу мүмкүнчүлүгү да кеңейиши керек. “Ачык маалыматтар” долбоору “Ачык өкмөттүн” ажырагыс бөлүгү.

Долбоор Молдовада ийгиликтүү иштеп жатат. Бул өлкөнүн атайын адистеринин тажрыйба алмашуу үчүн Бишкекке чакырылганы бекеринен эмес. “Ачык өкмөт”, “Ачык маалыматтар” долбоорлору өлкөнү санариптештирүүнүн маанилүү багыттарынан болуп саналат. Маалыматтардын жеткиликтүү болуп, калкты тейлөө өз учурунда үзгүлтүксүз жүрүшү үчүн киберкоопсуздукту камсыз кылуу багытында да өзүнчө иш алып барылууда.