Жаңылыктар
Ж.Разаков чатакта жабыркагандардын абалынан кабар алды
Кыргызстан жаңылыктары
Ж.Разаков чатакта жабыркагандардын абалынан кабар алды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон окуяга байланыштуу Баткенге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков барды. Учурда тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жеңиш Разаков менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев окуядан жабыркагандардын абалынан кабар алды. 

Белгилей кетсек, ооруканада жаткандардын арасында милиция кызматкерлери да бар. Баткен облустук оорукананын дарыгерлеринин айтуусунда, жабыркагандардын абалы туруктуу.