Жаңылыктар
Атамбаев күбө катары дагы бир жолу суракка чакырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Атамбаев күбө катары дагы бир жолу суракка чакырылды

Ички иштер министрлиги Алмазбек Атамбаевди күбө катары суракка дагы бир жолу чакырды. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө 22-июль күнү ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баш болгон тергөө тобунун өкүлдөрү барды. Анда Каниметов - тергөө кызматына Атамбаев күбө катары суракка барышы керек, - деди. 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыраткан. Белгилүү болгондой Атамбаевге 5 факты боюнча айып тагылган. Анын бири - Батукаевди мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу жагдай боюнча ачылган иш.