Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, аймактарга жасаган жумуш сапарында эң алыскы, климаты катаал, шарты оор делинген аймактардан кабар алды. 19-20-июль күндөрү Ош облусуна жумуш сапары менен барган мамлекет башчы тоолуу Сары-Таш, Күң-Элек айылдарында болду. Элеттиктер менен жолугуп, аларды түйшөлткөн көйгөйлөрүн укту. Жеринде, тийиштүү кызматтарга бир топ тапшырмалар берилди.
Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында, Ош шаарында Калкты Тейлөө борборунун экинчи кеңсеси ишке кирди. Кошумча жайды ачуу муктаждыгына - биринчи борборго кайрылгандардын көптүгү негиз болгон. Борбордун Манас-Ата кичи районуна жайгашканы жөн жерден эмес. Калк жыш жайгашкан Ош району, ХБК жана Кара-Суу райондорунун жашоочулары кайрылса болот.
Жаңы форматта иш алып барчу борборго, паспорт берүү жана жарандык актыларды каттоо боюнча жарым-жартылай кызматтары кошулду. Борбордун шарт-жагдайын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы мамлекет башчысына тааныштырды.
Калктын суроо-талаптары менен иштөөдө максималдуу ыкчамдыкты жана ачыктыкты камсыз кылуу зарылдыгын айткан мамлекет башчысы өлкөдө санариптик трансформациялоонун алкагында мурда белгиленген мөөнөттөгү бардык пландаштырылган иш-чараларды тездетүүнүн жана аяктоо маанилүү экенин белгиледи. Мына ушул жашоо-шартты жеңилдетип, элге сапаттуу тейлөө кызматын көрсөткөн аракеттер -айрыкча, өлкөнүн климаты катаал, алыскы аймактарына жасалат. Жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында Мамлекеттик каттоо кызматы Калкты тейлөө борборлорунда кызмат көрсөтүүнүн жаңы үлгүлөрүн иштеп чыгууда.
Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө санариптик технологияларды киргизүү аракеттери-билим берүү тармагында да активдүү жүрүүдө. Ош облусундагы 500 орто мектеп интернет желесине туташты. 30у жыл соңуна чейин камсыздалуунун алдында турат. Алыскы Алай районунун Күң-Элек айылынын мектеп окуучулары жаңы окуу жылында интернеттүү гана эмес жаңы имараттуу да болгону турат.
Мамлекет башчынын аймактарды кыдыруусу – бул ирет да адаттагыдай эң алыскы, шарты катаал аймактардын жашоочуларына багытталды. Өлкө башчысы менен жолугушууда тоолуктар, актуалдуу маселелерди көтөрүштү. Негизги маселелердин бири – мектеп көйгөйү. Күн-Электиктер үчүн курулуп жаткан мектептин курулушу 2015-жылдан бери аягына чыкпай келет. 1964-жылы курулган №35 Сатар Кариев атындагы орто мектебинин эски имараты -2013-жылдагы жер титирөөдөн кийин, “жараксыз” абалга келген. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматында, мектептин курулушунун көпчүлүк бөлүгү аяктап, учурда актап-сырдоо иштери жүрүүдө.
Ал эми, райондун эң алыскы Сары –Таш айылында мектеп көйгөйү мындан да оор. Айылдагы жападан жалгыз билим берүүчү жай учурда кулап калуу коркунучунда турат. 1986-жылы ашар ыкмасында салынган мектептин пайдубалы шыбынан тамган тамчыдан улам четинен урай баштаган. Төрт корпустун үчөөсүн 2016-жылы ӨКМ “жараксыз” деп тапкан. 8 класстык мектепте 278 окуучу билим алууда.
Президент, Сары-Таштыктар үчүн 2020-жылдын жазынан жаңы мектептин курулушу башталып, окуучуларга ыңгайлуу жана коопсуз шартта билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн белгиледи. Ошондой эле, тургундар тарабынан көтөрүлгөн медициналык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин жана алгачкы жардам көрсөтүүчү дарыгерлердин жоктугу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик иш алып барарын билдирди. Өксүктөр менен бирге өсүштөр да жок эмес.Тоолуу, климаты оор делген аймакта соңку учурда өзгөрүүлөр болду. Кубаттуу интернет зымдары үйлөргө чейин жетти. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1,5 млн сомго 3,5 чакырымдагы негизги жол жарыктандырылды. Санариптештирүү жылынын алкагында, аймакка алгачкы жолу банк, банкомат, терминалдар орнотулду.
Сары-Таш айылы - облустун борборунан 180 чакырымда, деңиз деңгээлинен 3250 метр бийиктикте жайгашкан. Бийик тоолуу аймак эки: Сары-Таш, Нура айылдарынан турат. 4 миң 200 эл жашайт.