Жаңылыктар
Россияда болбой калган куудулдардын концертине ким күнөлүү?
Кыргызстан жаңылыктары
Россияда болбой калган куудулдардын концертине ким күнөлүү?

Бул күндөрү Москвадагы мекендештердин талкуусуна айланган маселе – кыргыз куудулдарынын жана ырчыларынын коюлбай калган концерти болду. Иш чара болгондо да Москвадагы эң кымбат, айтылуу Крокус Сити концерттик залында өтмөк. Анын уюштуруучусу аты бир кездерде маалымат каражаттарынан түшпөй калган Адина Турдубаева. Концертке билеттер сатылып, бирок эмнеге коюлбай калды? 


«Күлкү менен сатира кечеси» бул саам сахнада эмес, кассанын кире беришинде болгондой түр калтырды. Келип алып, концерттен жок, же билеттин акчасынан жок калгандар чогулуп нааразылыгын билдирди. Бары эле эртеден кечке иштегендер. Ишемби  күнү эс алып, аз да болсо чер жазалы деп пландап алышкан. Бир эмес эки ирет убадаланып, көпкө күттүргөн концерт болор күнү, минтип ойлору тетири чыкты.


Уюштуруучу Адина Турдубаеванын айтымында, концерттин болбой калышынын себеби, залды ижарага алууга төлөнө турган 2 миллион рублга жакын каражат чогулбай калган. Ал билеттин акчаларын август айында кайтарып берерин атканы менен, ага ишенген киши жок.