Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө республиканын жолдорундагы авариялуулуктун абалы жана 2018-2019-жылдарга карата жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруунун планын аткаруунун жыйынтыктары каралды.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков аталган маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери иш-чаралар планын аткаруу жана жолдордогу авариялуулуктун абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартышарын баса көрсөттү.
Белгилүү болгондой, республиканын дээрлик бардык аймактарында, «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашырылган тилкелерден тышкары чөлкөмдөрдө жол кырсыктарынын санынын өсүүсү байкалган.
Мындан тышкары Комиссиянын жыйынында жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдун айрым түрлөрүн өзгөртүүнүн максаттуулугу жөнүндө маселе каралды. Комиссия мүчөлөрү Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, 1-категорияга (1000 сом) чейинки бузуулардын айрым түрлөрү үчүн айып пулдун өлчөмүн азайтуунун максаттуулугу жөнүндө сунушуна макул болушту.
Ал эми, мас абалында унаа каражатын башкаруу үчүн жоопкерчиликти белгилөөнүн максаттуу экендиги жөнүндө чечим кабыл алышты. Айтымдарында, 17500 сом өлчөмүндөгү айып пул түрүндөгү жоопкерчилик натыйжасын көрсөттү. Натыйжада, мас абалында унаа айдагандардын катышы менен жол кырсыктарынын саны үч эсеге азайган.
2018-жылдын ушул мезгилинде 5 911 учур катталса, быйыл 2 211 фактыны көрсөттү. Жыйында республиканын унаа жолдорун паспорттоштуруу, автомектептердин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү, авариялык-кооптуу жол тилкелерин жоюу маселелери козголду. Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.