Жаңылыктар
Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун курулушуна тендер жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун курулушуна тендер жарыяланды

Кыргызстандын жол жана транспорт министрлиги Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун IV фазасын ишке ашыруу үчүн тендер жарыялады. Тендерди уткан ишкана Бишкек — Кара-Балта же Бишкек — Ош автожолун курушу керек.

«Иштин мөөнөтү 24 ай. Долбоордун максаты -Бишкек — Кара-Балта жолунун 8,5 чакырымынан 15,9 км аралыктагы жолун жасоосу зарыл, —деп түшүндүрдү Транспорт министрлиги. Тендерге баардык каалоочулар катыша алат. Болгону АӨБ тарабынан талаптарга жооп бериши керек. Сынакка катышуу үчүн компания буга чейин 22.3 млн доллардан кем эмес дал ушундай иш аткарган болушу абзел. 

Мындан тышкары компаниянын активдери оң маанайда болуп, акыркы үч жылдагы курулуштагы айланткан акчасы 28 млн доллардан кем болбошу керек. Ошондой эле, компаниянын финансы ресурсу 4,6 млн доллардан кем эмес болсун деген талаптар коюлууда. 

Эскерте кетсек, тендер эл аралык стандартка ылайык бир эле баскычтан бирок, эки конвертке салынып жасалган процедура менен коштолот. Тендерге катышууга арыз берүүнүн акыркы убакытысы 2019-жылдын 29-августу.