Жаңылыктар
Ош шаарына аткезчилик жол менен күйүүчү майды киргизүүгө аракет жасагандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарына аткезчилик жол менен күйүүчү майды киргизүүгө аракет жасагандар кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш мамлекеттик кызматынын жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, Ош шаарына аткезчилик жол менен АИ-80 үлгүсүндөгү күйүүчү майды киргизүүгө аракет жасагандарды кармады. 

Финполициянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, акциздик топко кирген азыктардын мыйзамсыз айлануусун аныктоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Ош шаарына кире беришинде эки күйүүчү май ташуучу унаа токтотулган. 

Документтер боюнча алар 77 миң 720 литр нефрас ташып келе жаткандыгы көрсөтүлсө, чындыгында анын ичинде АИ-80 бензини болгон. Күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу фактысы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталды. 

Мындай мыйзамсыз иш-аракеттердин жыйынтыгында мамлекетке 675 миң 483 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.