Жаңылыктар
Түндүк-түштүк алтернативалык жолдун курулушу кызуу жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Түндүк-түштүк алтернативалык жолдун курулушу кызуу жүрүп жатат

Түндүк-түштүк алтернативалык жолдун курулушу кызуу жүрүп жатат. Учурда жолдун 1-фазасы дээрлик 80 пайызга бүттү. Ага 150 чакырымдан ашыгыраак бөлүгү кирет. 

Ал эми экинчи фазада Арал-Казарман участогу кирип, 99 чакырымдан ашык. Бул участок 73 пайызга бүтүп калды. Асфальт төшөлгөн жерлерге сызыктар сызылып, жол белгилери коюлууда. Аралдан Казарманга чейинки аралыкта болсо жалпы узундугу 1472 метрди түзгөн 2 эстакадалык көпүрө курулуп жатат. 

Ал эми Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин курулушу топурак жумшак болгондугуна жана суунун көп чыгып жатканынан улам, белгиленген мөөнөттөн бир аз кечигүүдө. Анын узундугу 3890 метр. Куруучулар 2 миң метрден ашык аралыкка оюп кирди. Азыр болсо рельефи катаал жерлерде жардыруу иштери жүрүп жатат. Түндүк-түштүк альтернативалык жолун 2021-жылга бүтүрүү пландалган.