Беш күндүн ичинде атайын түзүлгөн комиссия Солтон-Сары кенине жакын жайлоодо мал эмне себептен кырылгандыгын иликтеп чыгат. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери кой-козулары кырылып жатканына байланыштуу нааразычылык акциясына чыгышкан Миң-Булак менен Эмгекчил айылдарынын жашоочуларына барып, талаптарын угуп, элдин үнү Премьер-министрге жетти . Жакын арада бул маселе чечилет.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов бул жагдайды иликтеп так далилдерди келтирүү үчүн атайын комиссия түзүлүлгөнүн билдирди. Мындан улам жергиликтүү эл комиссиянын иши аяктагыча күтө турмай болушту. Буга 5 күндүк мөөнөт берилген. Нарын облусунун Солтон-Сары кенинен анча алыс эмес жерде жайгашкан айылдардын тургундарынын кой-козулары жапырт кырылып жатканына кытайлык ишкананы айыптап, Миң-Булак менен Эмгекчил айылынын тургундары нааразычылык акциясына чыгышкан.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын өкүлү Кумар Исаков жайлоодо бир чабандын 22 койу өлгөнүн билдирди. Айтымында Солтон-Сары жайлоосунда өлгөн малдын канынан жугуштуу ылаң табылган эмес. Биринчи текшерүүдө эки койдон мышьяк менен нитрат чыккан. Ошол эле учурда Исаков малга өз маалында вакцинация болгонун белгиледи.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасынын айтымында Zhong Ji Mining (Жонжи Майнинг) Солтон-Сарыда алтын кенин чалгындоого 2009-жылы кийинки жылы иштөөгө уруксат лицензиясын алган.
Аманбай Кайыпов билдиргендей Солтон-Сарыда иштеп жаткан кытай компаниясы Миң-Булак айылына 40 млн сом, ал эми Эмгекчил айлына 12 миллион сомго социалдык колдоо көрсөткөн. Тиешелүү мекеменин жетекчилери эгер кытай ишканасынын ишинде мыйзамсыз көрүнүштөр табылса мыйзам чегинде чара көрүлө турганын билдирди.